ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО ПО ДЕЛАМ МОЛОДЕЖИ, ФИЗИЧЕСКОЙ КУЛЬТУРЫ И СПОРТА
ПРИ ПРАВИТЕЛЬСТВЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн мелдеште алтын медаль утту

14-01-2020 10:24

10-12-январда Стамбул шаарында (Түркия) Yasar Dogu аталышындагы күрөш боюнча мелдеш өттү. Мелдешке 14 өлкөнүн спортчулары катышты. Башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында үч спортчу айым Кыргызстандын атынан күч сынашты.

11-январда килемге биринчи болуп 59 кг салмактык категорияда Назира Марсбек кызы чыкты.

Анын салмактык категориясында 5 спортчу болгон, ошондуктан алар айланпа системасында күрөштү. Жыйынтыгында бешинчи кармашта Назира биринчи орунду камсыз кылып, мелдеште алтын медалдын ээси болду. Кийинки күнү Айсулуу Тыныбекова (62 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг)  килемге чыгышты.

Дүйнө чемпиону Айсулуу финалдын 1/8 бөлүгүнөн баштап, катары менен үч жеңишке ээ болуп, финалга чыкты. Чечилүүчү кармашта Айсулуу Тыныбекова азербайжандык Татьяна Омельченко менен кезикти.

Экинчи мезгилдин биринчи минутасында Айсулуу атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип, мелдештин алтын медалынын ээси аталды.

Медет кызы Айпери жарым финалда венгриялык Зсанет Неметке жеңилип калды. Ал эми коло медалга болгон кармашта биздин спортчубуз азербайжандык Алиева Сабираны мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Кыргызстан жалпы командалык эсепте экинчи орунга ээ болду.

Спортчулардын мелдешке катышуусу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланып, Дирекциянын бюджетинен 563 миң сом каралган.